Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

АКИpress-тин шеф-редактору журфактын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту

altАКИpress маалымат агентствосусун шеф-редактору Аслан Сыдыков журналистика факультетинин бүтүрүүчү курсунун студенттери үчүн “Жарандык журналистика” деген аталышта тренинг семинар өткөрдү. Сабактын жүрүшүндө ал студенттерге АКИpress маалымат агентствосунда практика өтүүнүн шарттары жана жоболору боюнча маалымат берди.

Аслан Сыдыковдун айтымында, практика учурунда өзүн жакшы көрсөткөн студенттер агентстводо андан ары иштеп калышы мүмкүн. Ал о.э. университет ичиндеги активдүү студенттерден куралган команда түзүп, алар менен биргеликте бирдиктүү иш жүргүзүү башкы маселе экендигин баса белгиледи.

АКИпресс маалымат агентствосунун шеф-редактору мындан тышкары "Журналист деген өзү ким?" деген суроонун алкагында кыскача студенттерге түшүндүрмө берип, журналист коомдогу болуп жаткан көрүнүштөрдү ачык-айкын талдашы керек, ошондо гана анын ишмердүүлүгү артып, материалы коомчулук арасында кызуу талкууга алынарын сөзүнүн аягында белгилей өттү.

“Жарандык журналистика” деген аталыштагы тренинг-семинар эң жакшы деңгээлде өтүп, бүтүрүүчүлөрдө кызыгуу жаралып, ортолорунда агенттиктин журналисттерине студенттер суроо берүүгө да жетишишти.

Семинардын соңунда Аслан Сыдыков журналистика факультетинин бүтүрүүчү курсунун студенттерине ийгилик каалап, ал эми иштейм деген жоопкерчиликтүү бүтүрүүчүлөргө эшигибиз ар дайым ачык деп сөзүн жыйынтыктады.

alt

Материалды даярдаган:

Жылдыз Туратбекова - журфактын пресс-борборунун кызматкери