Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Аракет жана ийгилик

alt2016-жылдын 27-май күнү физика жана электроника факультетинин доценти Исмаилова Гүлзат менен 5-курс студенти Шамова Таазим Мамлекеттик башкаруу академиясында өткөн “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги -2016” аттуу жаш изилдөөчүлөрдүн II илимий-практикалык конференциясына катышып келишти.

Окутуучу менен студент биргелешкен эмгектеринин үзүрүн көрүшүп, илимий конференцияда 2-орунга татыктуу болушту. Шамова Таазим фотоаппарат, ал эми Исмаилова Гүлзат “Раритет” китеп дүкөнүнө 2000 сомдук жолдомо сертификаты менен сыйланды.

"Талыкпаган эмгек таттуу жемишин берет" дегендей, бул ийгилик сиздердин аракетиңиздердин жыйынтыгы экенин билебиз. Алган сыйлыгыңар жана ийгилигиңер кут болсун. Алган сыйлыгыңыздар факультеттин сыймыгы экеинин баса белгилеп кетүүбүз керек. Сиздерге бекем ден соолук, дагы да көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз!

alt

Материалды даярдагандар:

Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Боскеева Гүлбарчын - ага лаборант