Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУнун лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн "Акыркы коңгуроо" кагылды

alt2016-жылдын 27-майында №7-окуу имаратынын алдындагы аянтчада гуманитардык жана маалымат-экономикалык лицейлеринин окуучулары үчүн "Акыркы коңгуроо" салтанаты өткөрүлдү. ККЖКДжКББ факультетинин деканы Алайбек Шамшиев бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, окууда өзгөчө ийгиликтерге жетишкен окуучуларга «Мактоо баракчаларын", ал эми гумлицейдин бүтүрүүчүлөрү Келгеналиева Канымай менен Бакытова Сымбатка кызыл аттестаттарды тапшырды.

Майрамдык салтанатта албетте ырлар ырдалып, бийлер бийленди, о.э. окуучулук күндөрдөн сахналаштырылган сценкалар көрсөтүлдү. Бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери лицейдин жана факультеттин окутуучуларына, жетекчилерине өз ыраазычылыктарын билдиришти.

Эжейлерим, агайлар

Мээримиңер төгүлгөн,

Эстен кетпейт эч качан

Айтканыңар көңүлдөн.

* * *

Күндөр өтүп, күмүш канат тагышып,

Балалыкты улам артка жашырып.

Сени менен коштошууга кез келди

Окуучулук күндөрүмдү калтырып.

 

Мына бүгүн коңгурообуз кагылат,

Маанайыбыз кубанычка, өкүнүчкө кабылат.

Музыка, ыр коштолгон салтанат

Бүтүрүүчүлөр сиздерге гана арналат!

alt