

Матфактын 84 жылдык мааракеси белгиленди
27.05.2016 15:17
2016-жылдын 27-майында №6-окуу имаратынын 5-дарсканасында математика, информатика жана кибернетика факультетинин 84 жылдык мааракеси белгиленди. Жыйынды факультеттин деканы Асылбек Чекеев куттуктоо сөзү менен ачып, алдыңкы студенттерге жана окутуучуларга төмөндөгү номинациялар боюнча сыйлыктарды тапшырды.
- «2016-жылдын мыкты группасы»: МБ-1-13 (3-курс)
- «Жылдын мыкты куратору»: Абдраимова Махабат - АГТиПВМ кафедрасынын доценти
- «Жылдын мыкты студенти»: Амангелди уулу Нурсултан (4-курс)
- «Коомдук иштердеги ийгиликтери үчүн»: Усаров Нургул (4-курс), Жамшид кызы Рахат (4-курс)
- «Студенттик өзүн-өзү башкаруунун лидери»: Кубаныч уулу Кутман (3-курс)
Майрамдык концерттин негизин кыргыз оюну сармерден түздү.
Жаштар иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Бакырдинов Улар жана "Исандык өнүгүү" клубунун өкүлдөрү математиктерди куттуктап, өз каалоолорун айтышты.
Белгилеп кетчү нерсе, бул маараке - жыл бою факультетте өткөрүлүүчү иш-чаралардын жыйынтыктоочусу.
Материалды даярдаган:
Рахманкулов Бахтияр - тарбия иштери боюнча декандын орун басары