Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

ККЖКДжКББ факультетинде "Энелер күнү" белгиленди

alt2016-жылдын 19-май күнү кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо жана кесиптик билим берүү факультетинде окуучуларга энелердин ыйыктыгын, турмуштагы ордун түшүндүрүү максатында "Эне ыйык, эне кымбат баарынан» деген темада салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.

Гуманитардык жана маалымат-экономикалык лицейлеринин окуучулары эң ыйык, эң назик, жарык дүйнөгө келген ымыркайга жан берген, жашоосуна күч берген, руханий дүйнөсүнө дил берген энелерге ырларды арнап, бий бийлеп, сахналаштырган оюндарды көрсөтүштү. «Карылар үйүнө» калтырылган апалардын зар какшап, ыйлап, арманы чагылдырылган оюн көрүүчүлөрдү терең ойго салды.

alt