

ББФте «Кыргызстандын жаш лидерлери» аттуу тренинг өтүүдө
13.05.2016 11:40
Бизнес жана башкаруу факультетинде «Кыргызстандын жаш лидерлери» аттуу тренинг өтүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер максат коюу, аны ишке ашыруу, жеке бизнес ачуу, анын өнүктүрүү, финансы маселелерин чечүү жана сүйлөө чеберчилиги боюнча билим алышат.
2016-жылдын 10-майынан баштап 15-майына чейин өткөрүлүүчү тренингдин максаты - өсүп келе жаткан жаш муундардын акылына акыл кошуп, ар тараптан өнүккөн тажрыйбалуу, келечекте Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошо алган инсан болушуна түрткү болуу жана лидерликке үндөө.
Тарбия иштери боюнча декандын орун басары Кадырбердиев Эрмек жана 3-курс студенти Жумалиев Болот тарабынан өтүлүп жаткан тренингге катышкан студенттердин саны кун сайын өсүүдө.