

ККФ Жеӊиш Күнүнө карата майрамдык концерт өткөрдү
11.05.2016 12:24
2016-жылдын 7-май күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз-кытай факультетинин алдындагы колледж тарабынан Жеӊиш Күнүнө карата майрамдык концерт өткөрүлдү. Иш чара факультеттин деканы Бектурсун Байсабаевдин сөзү менен ачылып, согушка, жеӊишке арналган патриоттук ырлар аткарылды.
Алардын ичинде: «Эстелик», «Катюша», «Ах, эти тучи в голубом», «Бишкегим», «Элим», «Каким ты был», «Кыргызстан» аттуу ырлар жаӊырды. Албетте, мындай мааракеде «Жеӊиш күнүн» ырдабай коюуга мүмкүн эмес.
Биринчи курстун студенттери хор менен марш басышты. Улуу жазуучу Ч. Айтматовдун калемине таандык «Атадан калган туяк» чыгармасы боюнча инсценировка коюлуп, көз жаш алдырды. Согушка наалат айткан, жеӊишти даӊазалаган ырлар көркөм окулду.
Колледждин кызматкерлери Улук Тоялиев жана Айдана Эрмекбаева тарабынан даярдалган бул иш чара студенттердин гана эмес, бардык көрүүчүлөрдүн эсинде калды.