

Физфактын студенттери кайрымдуулук иштерин улантууда
04.05.2016 16:01
2016-жылдын 4-май күнү физика жана электроника факультетинин 3-курс студенттери Бишкектеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашаган социалдык мекемеге барып, ал жердеги карылар менен майыптардын абалын сурап, мекеменин тегерек четин тазалап, отуругучтарын сырдап келишти.
Мекеменин жетекчилери КУУнун студенттерине жана аларды жетектеп барган тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бакирова Элзатка терең ыраазычылыктарын билдиришти. “Дагы да болсо, жардам керек учурда кайрылып туруңуздар”, - деген жакшы сөздөрүн айткан студенттер ал жерден кеч кайтышты.
Эскерте кетсек, 29-март күнү студенттер аталган мекеменин абалы менен таанышып келип, факультетте марафон өткөрүшкөн. 1-апрель күнү чогулган каражатка, мекеменин жетекчилигинин суранычы боюнча, керектүү буюмдарды алып барып, материалдык гана колдоо көргөзбөстөн, имараттын ичи-сыртын ирээтке келтиришип, моралдык да колдоо көрсөтүшүп, баарын кубанычка бөлөп келишкен.
Карылык келип, кабыргасы кайышып, ден-соолугу жыргатаарлык эмес болгон мындай инсандарыбызга "жакшы сөз жан эргитет" дегендей жылуу сөздөрүн арнап, көмөк көрсөтүп келген жамаатка терең ыраазыбыз!
Материалды даярдагандар:
Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары
Боскеева Гүлбарчын - ага лаборант