Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Педфакта педагогиканын актуалдуу маселелери талкууланды

altПедагогика факультетинде «Мектепке чейинки жана мектеп педагогикасындагы актуалдуу маселелер» деген темада эл аралык илимий тегерек стол болуп өттү. Жыйынды факультеттин деканы п.и.к., доцент Сарымсакова Б.Ж. ачып, сөз сүйлөдү. Иш-чаранын активдүү катышуучуларына КУУнун ректору Чынара Адамкулованын атынан дипломдор, ардак грамоталар тапшырылды.

«Мектепке чейинки, мектеп жана билим берүүнүн технологиясы» кафедрасы уюштурган Тегерек столго Кыргызстандын жогорку, орто кесиптик, орто мектептердин жана мектепке чейинки тарбия берүүчү мекемелердин мугалимдери, о.э. Казакстан кыз-келиндер педагогикалык университетинин «Башталгыч класстын педагогикасы жана методикасы» факультетинин кафедра башчысы п.и.к., ассоц.профессор Байназарова Турсынай Бейсембековна, п.и.к., улук окутуучу Альдибекова Шолпан Нурсапаевна жана 3-курстун 4 студенти катышышып, мазмундуу докладдарды окушту.

Иш чарада мектепке чейинки жана мектеп билим берүүсүндөгү эки өлкөнүн көйгөйлөрү кеңири талкууланды. Өзгөчө Кыргыз билим берүү министрлигинен келген мектепке чейинки билим берүү боюнча улук кызматкер Камалова А.У., И.Арабаев атындагы КМУнун «Мектепке чейинки билим берүү» кафедрасынын башчысы Орузбаева Т.А., КББАнын доценти «Педагогика» кафедрасынын башчысы п.и.к. Токтомамедов А.Днын, ф.и.к. Ата-Түрк Ала-Тоо университетинин доценти Закиров А.Знын, Аламүдүн р-нун №1 мектебинин директору, эл агартуунун отличниги Асекова Г.Анын жана башка катышуучулардын окуган докладдары билим берүү системасындагы өзгөчө мектепке чейинки, мектеп системасындагы көйгөйлөрдү козгогон, о.э. андан арылуунун жолдорун издөөгө илимий, педагогикалык, психологиялык жактан комок берген маанилүү, кызыктуу докладдардан болду.

Иш чаранын экинчи бөлүгүндө эки өлкөнүн студенттери жана мугалимдери өз өнөрлөрүн тартуулашты. Иш-чаранын соңунда активдүү катышуучуларга КУУнун ректору Чынара Адамкулованын атынан дипломдор, ардак грамоталар тапшырылды.

Материалды даярдаган:

Ж.К.Сулайманкулова - «Мектепке чейинки, мектеп жана билим берүүнүн технологиясы» кафедрасынын башчысы, п.и.к., доценттин м.а., эл агартуунун отличниги