Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУнун физиктери кесиптик майрамын белгилешти

alt2016-жылдын 29-апрель күнү 6-окуу имаратынын 2-кабатындагы фойеде физика жана электроника факультетинин жамааты "Физиктер күнүн" белгиледи. Майрамга карата студенттер тарабынан уюштурулган кечеде факультеттин жамаатын кесиптик майрамы менен декан Сагынтай Кадышев жана академик Аманбек Жайнаков куттукташты.

Жакшы окуган жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге "өздүк стипендияларын" академик Жайнаков А., кафедра башчылары: проф. Мамбетакунов Э., Кожеева З., Бейшекеева Г., факультеттин деканы Кадышев С. тапшырышты. Биринин артынан бири сала стипендиялар өз ээлерин таап, студенттердин кубанычында чек жок.

"Эң мыкты" деген төмөндөгү студенттердин ата-энелерине ыраазычылык баракчалары берилди:

  • Шаршекеева Айпери, Өмүркул уулу Тынчтык (5-курстун студенттери)
  • Боскеева Гүлбарчын, Төлөгөн уулу Мирбек (4-курстун студенттери)
  • Касмакунов Ынтымак, Каныбек уулу Кубаныч (3-курстун студенттери).

Иш-чаранын жүрүшүндө "Физиктер күнүнө" карата мурдатан жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү өздөрүнүн эксперименталдык иштерин көрсөтүшүп, "Эң мыкты" деп табылган иштердин авторлоруна акчалай байгелер тапшырылды.

Факультеттин өнөрпоздору элдин маанайын көтөрүп, интермедияларды, бийлерди, ырларды аткарышты.

Студенттер, алган сыйлыгыңар кут болсун. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен, урматтуу физиктер!

Материалды даярдагандар:

Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Боскеева Гүлбарчын - ага лаборант