Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Жатаканаларда матфактын «кафедра күндөрү» өтүүдө

alt2016-жылдын 28-апрель күнү №7-жатаканада математика, информатика жана кибернетика факультетинин алгебра, геометрия жана топология кафедрасынын күнү өткөрүлдү. Жолугушуунун негизги максаты - жатаканада жашаган факультеттин студенттери менен тыгыз байланыш түзүү болчу.

Иш-чаранын жүрүшүндө факультеттин деканы Чекеев Асылбек аталган кафедранын тарыхы жана мугалимдери менен тааныштырды, активист студенттер «Тарых жана маданият» жылына карата маданияттуулукту чагылдырган видео роликтерди коюшту, ал эми кафедранын мугалимдери студенттерге өз кеңештерин айтып, белектерин беришти.

alt

alt

alt

Материалды даярдаган:

Усаров Нурмухаммед – факультет Студкеңешинин тарбия иштери боюнча координатору