

Физфакта Ж.Баласагындын 1000 жылдыгына карата тегерек стол өттү
28.04.2016 21:25
2016-жылдын 28-апрель күнү 6-окуу имаратынын 7-дарсканасында физика жана электроника факультети "Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы физиктердин көз карашында” аттуу тегерек стол өткөрдү. Иш-чарага илимий иштер боюнча проректор Эрмека Лайлиева катышты.
Физика-математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев "“Улуу ойчул жана окумуштуу Жусуп Баласагындын өмүр жолу жана эмгектери”, 5-курстун студенти Ибраев Самат “XII кылымдагы табигый илимдин өнүгүшү”, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Дүйшөнов Эшмухаммед “Темирдин жер кыртышында пайда болушу” деген темаларда доклад жасашты.
Мындан сырткары, профессор Карашев Т.К., доцент Асаналиева Г.Б., о.э факультеттин студенттери: Жолдошбеков Н., Акылбеков Темирбектер иш-чарага активдүү катышып, өз ойлорун айтышты.
Иш-чараны уюштурууга ф.-м.и.к, доцент Шаршен Жусупкелдиев агай активдүү катышып, зор салымын кошту.
Материалды даярдагандар:
- Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары
- Боскеева Гүлбарчын - ага лаборант