Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Геофакта Мекенибиздин тарыхына арналган ИПС болуп өттү

alt2016-жылдын 27-апрелинде 6-окуу имаратынын 7-дарсканасында география, экология жана туризм факультетинин экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасы тарабынан уюштурулган  “Менин мекенимдин тарыхы - менин жүрөгүмдө” аттуу илимий-практикалык семинар болуп өттү.

Факультеттин окутуучу-профессорлору жана студенттери катышкан жыйынды аталган кафедранын башчысы Ниязов Тургунбек ачып, конференциянын ишине ийгиликтерди каалады.

Семинардын жүрүшүндө тарых илимдеринин доктору, профессор Жакыпбеков Жаныбек “Кыргыз мамлекеттүүлүгү” жөнүндө, тарых илимдеринин доктору, профессор Шейшеканов Турдубек “1916-жылдагы көтөрүлүштүн өбөлгөлөрү, себептери жана жүрүшү” тууралуу, ал эми гография илимдеринин кандидаты, профессор Карамолдоев Жумакадыр “Жусуп Баласагын жана анын “Кут алчу билим” китебин кыргыз айсанагында колдонуу мүмкүнчүлүктөрү” аттуу баяндамаларды жасашты.

Иш-чара мамлекет башчысы тарабынан жарыяланган “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлдү.

alt

alt

alt

alt

alt