

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин демилгеси
27.04.2016 15:13
Өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын уюткусу, көч башы болгон Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жамааты маанилүү, тагдыр чечээр окуя - шайлоо өнөктүгүн башынан өткөрдү. Акыркы жылдары жождордун арасындагы рейтингде КУУ арткы орундарда калып, ректорлордун кол жоолуктай алмаша бергенинен ж.б. бир катар факторлордун айынан кандайдыр бир деңгээлде деградацияга учурап калганы коомчулукка деле жашыруун эмес.
Ректорлук жарышка катышкан 16 талапкердин ар-бири илимий даражалары, иш тажрыйбасы, аброю бар, татыктуу адамдар болчу. Жыйынтыгында 3 талапкер алдыга озуп чыгып, алардын ичинен Чынара Адамкулова ректорлука бекип, өткөн жайда ишин баштаган.
Бул жерде эске алчу нерсе, КУУну натыйжалуу башкарып кетүү өтө татаал маселе. Себеби окуу жай - 30 миңге чукул студенти, 2500дөн ашык кызматкери бар өзүнчө эле мамлекет ичиндеги мамлекет. Структуралык түзүмдөрү, окуу корпустары, жатаканалары, чарбалык субъектери бар Улуттук университетте окуу ж.б. процесстерге көзөмөлдүк кылуу татаал нерсе. Ошондуктан окуу жайдын "ички кухнясын" жакшы билген, көп жылдан бери КУУнун казанында кайнап келген, бардык жакка, бардык ишке колу жете ала турган, ички интригаларга туруштук бере алган, эрки бекем, салыштырмалуу жашыраак, анан либералдуу ой жүгүрткөн инсандын зарылдыгы бышып жетилген. Бул жерге сырттан келген кишинин же байкоосуз адамдын келип калышы опурталдуу болчу. Анткени, объективдүү жана субъективдүү себептерден улам интриганын уясына айланган окуу жайдын жамааты сырттан келген же мурун жетекчи болуп кеткен инсандардын иштеп кетүүсүнө жол бермек эмес.
Ал жолку шайлоодо Улутук университеттин жолу болуп, либералдуу ой жүгүрткөн, буга чейин Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтун жетектеп келген Чынара айымдын ооматы артып, КУУнун жетекчилигине келиши окуу жайга жаңы дем берип, реформалардын жел аргысы башталды.
Структуралык кайра түзүүлөрдүн натыйжасында Улуттук университеттин ичинде “өзүнчө автономдуу окуу жайга” айланып алышкан экономика институту, юридикалык институт, кыргыз-кытай институту, башкаруу жана бизнес институту сыяктуу өзүнчө монстрга айланып, ири контракттардын эсебинен өзүн бий, өзүн ректор санап калган директорлор, институттар жоюлуп, факультетке айланды.
Албетте, мындай чечкиндүү реформалар “эзелки монстр жетекчилерге” жакпай, интригаларын улантууда. Жаңы, жигердүү жана салыштырмалуу жаш реформатор жетекчиге бут тосуу буюртма менен системалык жолго түшүп бараткандай. Ушул себептен “Окуу жайда жүрүп жаткан реформалар студенттер, окутуучу-профессордук курам тарабынан колдоого алынуудабы же бир ууч интригандар жетекчиликти объективсиз күнөөлөрдү койуу менен жаманатты кылып, университетти жарга такап, максаттарына жетеби?” деген суроону коюп, университеттин сайтына жайгаштырып, пикириңиздерди билгибиз келет.
Бул демилгени Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети баштап жатканы бекеринен эмес. Себеби, башкаруу системасындагы реформаларга болгон бут тосуулар бүтүндөй системаны алсыратуу менен деградациянын башаты болуп калаарын окутуучулар жана келечектеги мамлекеттик кызматкерлер жакшы билишет.
Демек, баарыбыздын “билим уябыз”, жождордун флагманы болгон Улуттук университеттин мурдагы бир кездеги аброюн кайра калыбына келтирүүгө салым кошуп, ар бир кызматкерди, окутуучуну, студентти өз пикирин билдирип, жүргүзүлүп жаткан реформаларга кайдыгер карабоого чакырабыз.
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети