Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Журфакта "Журналисттик иликтөө" боюнча мастер-класс өтүлдү

alt2016-жылдын 26-апрелинде журналистика факультетинде 3-курс студенттери үчүн урналисттик иликтөө" боюнча мастер-класс өтүлдү. Сабакты факультеттин профессору Г.Сыдыкова, ага окутуучусу Ш.Эшанкулова, "Promotank" компаниясынын эксперти Г.Торалиева, КТРКнын “Журналисттик иликтөө” программасынын автору Б.Тукеев жана "Kloop.kg" сайтынын модератору А.Капушенко өтүштү.

Технологиялардын өнүгүшү менен журналисттик иликтөөгө көңүл бурулуп, анын ыкмаларын окуп үйрөнүүгө ашыккан адамдар көбөйүүдө. Бул дисциплинаны факультетте PhD доктору, доцент Абдыганы Халилов окуйт.   

"InterNews" журналистика мектеби менен биргеликте уюштурулган иш-чарада темага ылайык видеороликтер көрсөтүлдү. "Журналисттик иликтөө" кызыктуу тармак болгондуктан, болочок журналисттер лекторлорго көптөгөн суроолорду берип, жооп ала алышты.

IWPR согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Кыргызстандагы финансылык директору Алмазкан Акматова факультеттин китепканасына төмөнкү китептерди тапшырды:

  • “Расследование, основанное на истории” - журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн колдонмо
  • “Окуяга негизделген иликтөө” - журналисттик иликтөө үчүн колдонмо

Белгилеп кетчү нерсе, мастер класс өткөн баардык журналисттер - КУУнун, ал эми Анна Капушенко менен Бактияр Тукеев - журналистика факультетинин бүтүрүүчүлөрү.

Материалды даярдаган:

Жылдыз Туратбекова - журфактын пресс-борборунун кызматкери