

Матфакта экстремчилик жана террорчулукка каршы семинар өткөрүлдү
25.04.2016 16:43
2016-жылдын 25-апрелинде математика, информатика жана кибернетика факультетинде экстремчилик жана террорчулукка каршы семинар өткөрүлдү. Аталган терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, алар менен күрөшүүнүн жолдору жөнүндө студенттерге подполковник Үсөн Полотов айтып берди.
Белгилеп кетчү нерсе, Үсөн Махамович - бул багыт боюнча АКШ, Турция жана башка көп мамлекеттерде доклад жасаган тажрыйбалуу Кыргызстандын аскер кызматкери.
Кеченин экинчи бөлүгүндө факультеттин студенттеринен түзүлгөн топ «Спорт экстремизмге каршы!» деген ураан менен шаар ичиндеги көчөлөр аркылуу чуркашты.
Аскер адамынын жасаган доклады КУУнун студенттерине туура багыт берип, сырттан келген уюмдардын арам ойлору эч качан ишке ашпайт!
Материалды даярдаган:
Рахманкулов Бахтияр - тарбия иштери боюнча декандын орун басары