Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
Матфактын студенттери "Бурана" комплексине экскурсияга барышты


Матфактын студенттери "Бурана" комплексине экскурсияга барышты
25.04.2016 16:29
2016-жылдын 24-апрель күнү математика, информатика жана кибернетика факультетинин 1-курс студенттери «Тарых жана маданият жылына" карата жана Улуттук университет атын алып жүргөн улуу илимпоз Жусуп Баласагындын жашаган шаарынын тарыхын билүү үчүн «Бурана» тарыхий-архитектуралык комплексине барышты.
Студенттер комплекстин менеджеринен «Бурана» мунарасы Баласагын шаарында жайгашканын жана Караханийлер дооруна таандык тарыхий-архитектуралык эстелик экенин билишти.
Жүрүштүн соңунда студенттер өз мекенине болгон сүйүүсү эч качан өчпөсүн айтышты.
Материалды даярдаган:
Усаров Нурмухаммед – факультет Студкеңешинин тарбия иштери боюнча координатору