Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеӊешинин 21.04.2016 отуруму

alt2016-жылдын 21-апрелинде башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеӊешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынды КУУнун ректору, Окумуштуулар кеңешинин төрагасы Чынара Адамкулова алып барды. Отурумда төмөндөгү маселелер каралды:

1. КУУнун жогорку жана орто кесиптик билим берүү программаларын мамлекеттик аттестациялоо боюнча комиссиянын иши тууралуу

2. 0кутуучу-профессорлук курамдын сынакка катышуу талаптарын жана эрежелерин бекитүү.

3. 2016/17-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу.

4. Жатаканалардын абалы жана алардын материалдык-техникалык жабдылышы.

5. КУУнун каржы комитетинин жобосун бекитүү.

6. КУУнун ботаникалык бакчасындагы имаратты Конфуций институтуна убактылуу оперативдик башкарууга берүү.

7. КУУнун факультеттериндеги окуу-тарбия иштеринин абалы жана аларды өркүндөтүү тууралуу.

8. Ар түрдүу маселелер.

Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча Кыргыз улуттук университетинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү программаларын мамлекеттик аттестациялоо боюнча комиссиянын төрагасы, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин 1-проректору Асылбек Кулмырзаев чыгып сүйлөп, бир жумадан бери аталган комиссия менен чогуу, тыгыз иштешкен КУУнун кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, "Комиссия КУУга кандай жардам кылыш керек деген максатта иштеди". Аттестациялоонун жыйынтыгында комиссия КУУда ишке ашырылып жаткан бардык программаларды карап чыгып, бакалавриат боюнча 9, орто кесиптик билим берүү боюнча 8 багытка жаңы окуу жылына кабыл алууну токтото туруу сунушу менен чыкты. Анткени, аталган багыттар боюнча студенттердин контингенти же өтө эле аз, же жокко эсе.

Улуттук университеттин окутуучу-профессорлук курамынын сынакка катышуу талаптары жана эрежелери тууралуу КУУнун ректору Чынара Адамкулова баяндама жасап, төмөндөгү маалыматтарды берди.

alt

alt 

Күн тартибиндеги 3-маселе боюнча кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Мурат Соттимкулов чыгып сүйлөп, жаңы окуу жылына КУУнун 21 факультетине 80ге жакын багыт боюнча күндүзгү, сырттан окуу формалары боюнча бакалавриат жана магистратурага кабыл алуу жүргүзүлөөрүн билдирди. Анын айтымында, учурда кабыл алуу боюнча эреже иштелип чыгып, министрликтин бекитүүсүнө жөнөтүлдү. Андан сырткары, абитуриенттер үчүн буклеттер, маалымат каражаттары үчүн кулактандыруулардын тексттери даярдалууда, ал эми 29-апрелде абитуриенттер үчүн "Ачык эшиктер" күнү өткөрүлмөкчү.

Улуттук университеттеги жатаканалардын абалы, алардын материалдык-техникалык жабдылышы жөнүндө маалыматты административдик жана чарба иштери боюнча проректордун м.а. Эркин Кулова жана студенттик шаарчанын директору Самат Алдашев беришти.

Проректор университеттин тиешелүү жатаканаларында жашаган студенттердин, магистранттардын жана окутуучулардын саны, алардын төлөм акылары, ар бир жатакананын материалдык-техникалык жабдылышы, бир жылдык кирешеси, чыгашасы жана чогулган каражаттардын кайда, эмнеге жумшалаары жөнүндө баяндама жасады. Жатаканалардын учурдагы абалы тууралуу маалыматты Эркин Кулова фото-материалдар менен бекемдеди.  

Күн тартибиндеги 3-маселе боюнча каржы комитетинин төрайымы Кундуз Базакеева баяндама жасап, КУУнун каржылык комитетинин жобосу, анын мазмуну жана өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында мурдагы каржы комитетинде 8 адам иштесе, азыр 25 адам иштейт.

Улуттук университеттин ботаникалык бакчасындагы "Коноктор үйү" деп аталган имараттын курулуш тарыхы, учурдагы абалы жана аны Конфуций институтуна берүү тууралуу Кундуз Базакеева жана аталган институттун кыргыз тараптан директору Үмүт Култаева айтып беришти.

Өздөрү жетектеген түзүмдөгү окуу-тарбия иштеринин абалы жана аларды өркүндөтүү тууралуу математика, информатика жана кибернетика факультетинин деканы Асылбек Чекеев жана биология факультетинин деканы Шафика Сулейманова баяндама жасашты.

Жыйындын жүрүшүндө студент жана мектеп жаштарын окутууга кошкон зор салымы үчүн "Математикалык анализ" кафедрасынын доценти Бектурган Шабыкеевге, о.э. "Хонгорай" деп аталган енисей кыргыздарынын орто кылымдардагы этносаясий уюмун окуп үйрөнүүгө кошкон зор салымы үчүн Хакас мамлекеттик университетинин профессору,  т.и.д. Виктор Бутанаевге "Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору" деген наамдар ыйгарылып, Чынара Адамкулова аларга профессорлук аттестат жана улуттук стилдеги мантия менен конфедератка тапшырды. Сыйлык ээлери Окумуштуулар кеңешинин жамаатына жана КУУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, кыскача профессорлук лекцияларды окушту.

Жыйындын жүрүшүндө тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы Аскарбек Беделбаев да чыгып сүйлөп, "Чөлкөм таануу жана чыгыш таануу" кафедрасын "Чөлкөм таануу жана кыргыз таануу" кафедрасы деп кайра атоо жана "Чыгыш таануу" бөлүмүн Эл аралык мамилелер факультетинин курамына кошуу сунушун киргизди.

Ар түрдүү маселелер боюнча окумуштуу катчы Гульмира Осмоналиева чыгып сүйлөп, КУУнун окумуштууларынын докторлук темасын бекитүү жана "профессор", "доцент" илимий наамын алууга чыккан талапкерлер жөнүндө маалымат берип, алардын документтерин Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясына сунуштоого макулдук сурады.

alt

alt