Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Журфактын студенттери кайрымдуулук концертин уюштурушту

alt2016-жылдын 21-апрелинде Кожомкул атындагы спорт сарайында КУУнун журналистика факультетинин 2-курс студенттеринин, И.Ахунбаев атындагы КММАнын жана “Элим барсаңбы?” кайрымдуулук фондунун демилгеси менен Адилет Кашымбековго арналган кайрымдуулук концерти болуп өттү.

Мурда кабарлагандай, аталган тайпанын студенттери Адилет Кашымбековго жардам берүү максатында акция уюштурушкан. Ал эми бул иш-чара - ошол акциянын жыйынтыгы.

Концертти журналистика факультетинин 4-курс студенти Айзада Жамгырчиева, 2-курс студенттери Сагынбай Эргеш уулу жана Зыйнат Токтонбекова алып барышты.

Журналистика факультетинин деканы Айна Дуйшекеева, “Элим барсыңбы?” коомдук фондунун өкүлү чыгып сөз сүйлөштү.                            

Концертке Динара Акулова, Омар, Гүлжигит Калыков, Замир Арыкбаев, Айымжан Айылчиева жана башкалар катышып, өз өнөрлөрүн көрүчүүлөргө тартулап кетишти. Андан тышкары КУУнун “NationaL” жана Агрардык университетинен “Фрунзе” курама командасы көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрүштү.

Кайрымдуулук концертке келген көрүүчүлөрдүн өз салымын кошуусуна шарт түзүлүп, атайын урна орнотулду. Адилет Кашымбековду колдоп келген ар бир сахна өнөрпоздоруна “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фондунун ыраазычылык барактары тапшырылды.

КУУнун журналистика факультети “Элим барсыңбы?” коомдук фондуна, И.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттерине, ырчыларга, тамашоучуларга жана жалпы көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирет!

Материалды даярдаган:

Жылдыз Туратбекова - журфактын пресс-борборунун кызматкери