Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Экономфактын командасы - КУУдагы футболдук турнирдин жеңүүчүсү

alt2016-жылдын 15-16-17-апрель күндөрү 7-апрелде курман болгон баатырлардын жаркын элесине арналган футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Мелдешке 20 факультеттен 20 команда катышты. Алгачкы эки күн тандоо туру болуп, уткан командалар финалга жолдомо алышты.

17-апрелде турнирдин финалы болуп, байгелүү орундарды төмөнкү командалар ээлешти:

  • 1-орун: Экономика факультети (топ, медаль, кубок жана 4000 сом акчалай сыйлык)
  • 2-орун: Юридикалык факультет (топ, медаль жана 3000 сом акчалай сыйлык)
  • 3-орун: Кыргыз-Европа факультети (топ, медаль жана 2000 сом акчалай сыйлык).

Жеке оюнчуларга төмөндөгү номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылды:

  • "Эң мыкты оюнчу" - Мадаминов Максат (Кыргыз-Кытай факультети) - 500 сом акчалай сыйлык жана сувенир
  • "Эң мыкты дарбазачы" - Жаркыналиев Кубанычбек (Юридикалык факультет) - - 500 сом акчалай сыйлык жана сувенир
  • "Эң мыкты чабуулчу" - Жумабек уулу Ислам (Маалыматтык, иновациялык технологиялар факультети) - 500 сом акчалай сыйлык жана сувенир
  • "Эң мыкты коргоочу" - Мусаев Жеңишбек (5-жатакана)500 сом акчалай сыйлык жана сувенир

Мелдештин демөөрчүлөрү: 7-апрель баатырлары жана КСДП партиясынын өкүлдөрү: 

  • Мээрбек Мискенбаев - “Апрель байрагы” коомдук бирикмесинин төрагасы, апрель баатыры, Жогорку Кеңештин депутаты
  • Ырсалиев Канатбек - “Айкөл Ала-Тоо” коомунун башчысы
  • Керезбеков Канат - КСДП партиясынын жаштар бөлүмүнүн төрагасынын биринчи орун басары
  • Уланов Алмаз - Ленин райондук кеңешинин төрагасы, 7-апрель баатыры.

Оюн бүткөн соң белектер тапшырылып, баатырларыбызга куран окутулду.

“Биз үчүн, биздин келечек үчүн өз жандарын ойлобой окко учкан баатырларыбыздын эмгегин эч качан унутпашыбыз керек” деген максатта уюштурулган бул турнир өз максатына жетти деген ишеничтебиз.

Материалды даярдаган:

Турарбеков Тилек – жаштар иштери боюнча бөлүмдүн координатору