Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КФФ студенттери Эл артисти Турганбүбү Бообекова менен дил маек курушту

altКыргыз филологиясы факультетинин 3-курс студенттери тажрыйбалуу педагог, көркөм окуунун чебери, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Турганбүбү Бообекова менен дил маек курушту. Иш-чара "Кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы" кафедрасынын доцентинин м.а. Назик Мараимова тарабынан уюштурулду.

Үч бөлүктөн турган жолугушуунун башталышында Кыргыз радиосунун «Алтын фондуна» жазылып алынган залкар жазуучу Ч.Айтматовдун «Кыямат» романынан бүгүнкү мейман Т.Бообекованын көркөм окуусунда үзүндү уктурулду. Андан соӊ КТАОМ бөлүмүнүн III курсунун студенти Урмат кызы Сыяпат меймандын образына кирип, анын өмүр жолу, сахнада жана кинодо жараткан ролдору тууралуу кызыктуу баяндап берди. Ошону менен катар алган сыйлыктары, наамдары да жандуу чагылдырылды. Кучак-кучак гүлдөргө, элдин урмат-сыйына бөлөнгөн «актрисаны» кол чабуулар менен узаткандан кийин, алып баруучу катышуучуларды Т.Бообекова сабак өтүп жаткан дарсканага алып кирди.

Бул көп кырдуу инсан өз сабагында мугалимдерге, жалпы эле эл алдында сүйлөгөн адамдарга зарыл болгон туура, жеткиликтүү, көркөм сүйлөөнүн сырлары менен ой бөлүшүп, бир катар көнүгүүлөрдү аткартууга да жетишти. Аны менен катар  автор студенттерди сыры кургай элек “Дем алуунун үстүндө иштөө” китеби менен тааныштырды.

Иш-чаранын акыркы бөлүгүндө Эл артисти кызыктуу иши, чыгармачылыгы боюнча көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берди. Студенттер суроолор менен катар каалоо-тилектерин да билдиришти. III курстун студенти Дөөлөтаалы кызы Гүлзахира атайын бүгүнкү конокко арнап чыгарган ырын окуп берди:

Эчен образ, элестерди жаратып,

Элиӊизге кызмат өтөп келесиз.

Чоӊ театр оор жүгүн аркалай

Эл артисти, мугалим да, энесиз!

Кызыктуу, жандуу кеченин соӊунда көӊүлдөрүн гүлазыкка тойгузган студенттер таланттуу инсанга гүлдестесин тапшырышып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Бул жолугушуу кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын доцентинин м.а. Назик Мараимованын «Көркөм окууга үйрөтүүнүн методикасы» сабагынын алкагында III курстар үчүн уюштурулду.

alt

alt

alt

alt

Материалды даярдаган:

altТоктакунова Медина -

кыргыз филологиясы

факультетинин

1-курс студенти