Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Геофактын студенттери "Таштандысыз жаратылыш" аттуу акция өткөрүштү

altГеография, экология жана туризм факультетинин студенттери Германиянын «NABU» жаратылышты коргоо союзунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте "Бүткүл дүйнөлүк экологиялык билим күнүнө" караа Гареев атындагы УИАнын ботаникалык багында «Таштандысыз жаратылыш» аттуу экологиялык акция өткөрүштү.

Иш-чаранын максаты - шаарыбыздын сейил бактарында эс алып жүргөн шаар тургундарын тазалыкка үндөө.

Аталган бакта ишембилик өткөргөндөрдүн көпчүлүгү ал жерге бак тигүү менен чектелип калышса, КУУнун студенттери бакты таштандылардан тазалап, адегенде таза көрүнгөн бактан ойго келбегендей таштандыларды чогултушту.

Акциянын жүрүшүндө КУУнун студенттери эс алып жүргөндөргө «Таштандысыз жаратылыш» аттуу китепчелерди да таратышты.

Баарыбыз жаратылышты таза кармайлы!

alt

alt

alt

Материалды даярдаган:

Муханбет уулу Сыймык - тарбия иштери боюнча декандын орун басары