Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Матфакта «Улуу ойчул Жусуп Баласагын 1000 жашта» аттуу кече өткөрүлдү

alt2016-жылдын 21-апрелинде математика, информатика жана кибернетика факультетинде Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган кече өттү. Иш-чаранын негизги максаты жана милдети - студенттерге университет ысымын алып жүргөн улуу инсандын өмүр баянын жана «Куттуу билим» дастанын кеңири танытуу, терең окутуп, үйрөтүү болчү.

Кечеде факультеттин студенттер кеңешинин мүчөсү Усаров Нурмухаммед кызыктуу доклад жасады. Ал эми Токтобек уулу Адилет илимпоз Жусуп Баласагындын чыгармачыл күндөрүн театрлаштырылып көрсөткөндө, олтурган студенттер чыныгы Баласагындын образын көрүшкөнүн айтышты. Иш-чара концерттик программа менен аяктады.

Кеченин өтүшү мамлекеттик тилдин коммутативдик кызматын күчөтүүгө жана факультет студенттеринин кеп маданиятын өркүндөтүүгө чоң түрткү берди.

alt

alt

alt

alt

alt

Материалды даярдаган:

Бактияр Рахманкулов – декандын тарбия иштери боюнча орун басары