Түзүм жаңылыктары
Альпинистке айланган математиктер
Альпинистке айланган математиктер
19.04.2016 12:42
Математика, информатика жана кибернетика факультетинин активист студенттеринен түзүлгөн тандалма топ «Тарых жана маданият» жылына карата 2016-жылдын 17-апрель күнү «Ала-Арча» улуттук паркындагы тоонун боорунда жайгашкан «Ак кайыңдар» токоюна альпинисттик жүрүш жасады.
Студенттер өз максатына жетүү үчүн 13 км. жөө жүрүшүп, тоо боорунун жантык тегиздигинде жайгашкан «Ак кайыңдарга» чейин барышты. Кайра артка кайтуу мекенчил студенттер үчүн көйгөй түзбөй койгон жок.
Бул жүрүштүн негизги максаты - май айында өтүүчү альпинистик жүрүшкө тажрыйба жыйноо болчу.
Матфактын активистеринин мындай иш-чараларды өткөрүүсү - жалгыз гана ден-соолукту чындоо эле эмес, өз мекенинин жаратылышына болгон сүйүүсү күчтүү экендигин көрсөтөт.





Материалды даярдаган:
Бактияр Рахманкулов – декандын тарбия иштери боюнча орун басары