Түзүм жаңылыктары
Геофактын ага окутуучусу Бразилиядагы эл аралык курстан окуп келди
Геофактын ага окутуучусу Бразилиядагы эл аралык курстан окуп келди
20.04.2016 12:25
Физикалык география кафедрасынын ага окутуучусу Мураталы Дүйшөнакунов 2016-жылдын 4-8-апрель күндөрү Бразилиянын Рио де Жанейро шаарында өткөн «Мөңгүлөрдүн динамикасын спутниктен алынган маалыматтын негизинде анализдөө” боюнча эл аралык окуу курсуна катышып келди.
Бразилиянын өкмөтү жана Рио де Жанейро мамлекеттик университети менен бирдикте Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) тарабынан уюштурулган бул иш-чарага Кыргызстандан башка Чили, Перу, Боливия, Россия, Бразилия сыяктуу ондон ашык өлкөнүн жаш окумуштуулары катышышты.
Кесиптешибиз Мураталы Дуйшонакуновдун ишине ийгилик каалап, эл аралык деңгээлде алган тажрыйбалары өлкөбүздүн жаш кадрларын даярдоодо чоң күч болооруна ишенебиз!

Материалды даярдагандар:
Факультеттин профкому жана ага окутуучу Ж.Чуңгулов