Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Матфактын студенттери - таза шаар үчүн!

altМатематика, информатика жана кибернетика факультетинин студенттери «Мен таза шаар үчүн!» деген демилге менен чыгышып, шаарыбыздын тазалыгы үчүн өз салымдарын кошууда. Алар факультеттик, университеттик, шаардык жана республикалык деңгээлдеги ар кандай объекттерди иретке келтирүү, тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүштү.

Ал объекттер төмөнкүлөр:

  • факультеттик деңгээлде - кафедралар, компьютердик класстар, аудиториялар
  • университеттин деңгээлде - Абдымомунов жана Уметалиев көчөлөрүнүн кесилиши
  • шаардык деңгээлде - Панфилов паркы
  • республикалык деңгээлде - «Манас айылы» комплекси.

Факультеттин студенттери 24-апрелде «Бурана» комплексине жана 8-майда «Ала-Арча» улуттук паркына барып, экскурсия менен гана чектелбестен, аталгани объекттердин айлана-чөйрөсүн да тазалыкка келтирүүнү пландашууда.

Мындай иш-чараларды жүргүзүүгө студенттерге Исхак Раззаковдун «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деген сөзү багыт берди.

alt

alt

alt

Материалды даярдаган:

Усаров Нурмухаммед – факультет Студкеңешинин тарбия иштери боюнча координатору