Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КФФ жамааты Военно-Антоновка балдар үйүнө жардам беришти

alt2016-жылдын 10-апрель күнү кыргыз филологиясы факультетинин студенттери жана мугалимдери кайрымдуулук ишин уюштуруп, Военно-Антоновка балдар үйүнө барып келишти. Ал жерде жалпысынан 115 бала тарбияланып, алар 9-классты аяктаганга чейин балдар үйүндө болушат.

Окуу тарбия иштери боюнча декандын орун басары Гүлзада Абдыкадырова балдарды кыргыз тилин сүйүүгө чакырып, ак жол каалап, өзүнүн кеп-кеңештерин айтты. Факультеттин талантуу студенттери бөбөктөргө арнап концерт уюштуруп, ырдап, бийлеп, тамашалуу оюндарды тартуулашып, интеллектуалдык оюн ойношту жана кийим-кече жана акчалай жардам көрсөтүштү.

Кайрымдуулук иши окуу тарбия иштери боюнча декандын орун басары Гүлзада Абдыкадырова жана факультеттин жаштар уюму тарабынан уюштурулду.

Материалды даярдаган:

altТоктакунова Медина -

кыргыз филологиясы

факультетинин

1-курс студенти