Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КФФ жамааты белгилүү Манас таануучу Советбек Байгазиев менен жолугушту

alt2016-жылдын 15-апрелинде 5-окуу имаратынын 218-аудиториясында белгилүү Манас таануучу, профессор Советбек Байгазиевдин 70 жылдык мааракесине арналган «Манас» эпосун изилдөө жана аны окутуу проблемалары: жаңы көз караштар» аттуу методологиялык семинар болуп өттү.

Иш-чара кыргыз филологиясы факультетинин "Манас таануу" кафедрасынын башчысы А.С.Медетовдун сөзү менен башталды. Андан соң УИАнын жетектөөчү илимий кызматкери Г.Орозова, ф.и.к, доцент К.Абакиров, п.и.к, доцент Ж.Уразова, ага окутуучу С.Сагидаева жана ф.и.к, доцент Ж.Бейшеева тарабынан илимий баяндамалар окулду.

С.Байгазиевди 70 жылдык мааракеси менен куттуктап Билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык илимдер бөлүмүнүн башчысы М.К.Иманкулов, ф.и.д, профессор С.А.Тиллебаев, ф.и.д, профессор, адабийсынчы К.Д.Даутов сөз сүйлөштү.

"Манас таануу" кафедрасынын жалпы жамааты Советбек Байгазиевди куттуктап, өз белектерин тапшырышты. Жолугушууга келген  студенттер белгилүү Манас таануучуга кызыктырган суроолорун узатып, жооп алышты.

Материалды даярдаган:

altТоктакунова Медина -

кыргыз филологиясы

факультетинин

1-курс студенти