Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

МжМБ факультетинде “Тарых жана маданият” жумалыгы өткөрүлдү

altМамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде 4-11-апрель “Тарых жана маданият” жумалыгы деп жарыяланып, анын алкагында факультеттин жаштар комитети жана мугалимдер жааматы тарабынан ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү.

Атап айтсак, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Нарынбек Алымкулов “1924-2010-жылдардагы Кыргызстандын башкаруу системасы” деген темада ачык лекция өттү. 

Апрель баатырларынын урматына “Декандын кубогу” аталышындагы кичи футбол жана улуттук спорт боюнча оюндар өткөрүлүп, 5-апрелде мугалимдер жааматы жана студенттер "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барышып, маркумдардын арбагына куран окутуп келишти.

Ал эми окутуучулар жааматынын жаңы технологияларды колдонуу менен сабактарды өтүшү факультет студенттеринин сабактарды кызыгуу менен окушуна шарт тузүп, шык берүүдө.

alt

alt

Материалды даярдаган:

Бейшенбек уулу Нурсултан - факультеттин жаштар комитетинин президенти