Түзүм жаңылыктары
КУУнун лицейлеринде окуу-методикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө
КУУнун лицейлеринде окуу-методикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө
15.04.2016 10:05
Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо жана кесиптик билим берүү факультетинин Гуманитардык жана Маалымат-экономикалык лицейлеринде окуутуунун сапатын жогорулатуу жана таланттуу, чыгармачыл педагогдордун алдыңкы иш тажрыйбаларын жаш мугалимдерге үйрөтүү максатында окуу-методикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Өткөн жылдын 6-октябрынан бери методикалык бирикмелердин декадаларында гуманитардык жана так илимдер боюнча ачык сабактар, тарбиялык класстык сааттар, «Тил аркылуу дүйнө таануу» темасында кыргыз, орус, англис, кытай, жапон, француз жана немис тилдеринде ачык сааттар жана класстан тышкаркы ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү. Алардын ичинен эң жакшы деп бааланган сабактар:
- Биологиядан - Т.И.Бекбердиева: «Вид. Популяция »
- Кыргыз тилинен - И.Д.Аскалиева: «Кыргыз макал-лакаптары»
- Орус тилинен - Г.К.Наматова: «Оосновные способы словообразования»
- Алгебрадан - Ж.Т.Сыйдыева: «Тригонометриянын формулалары»
- Англис тилинен - Ж.Б.Кожакунова: «The Present perfect tense»
- Кыргызстан тарыхынан - С.К.Жоодатбекова: «Амир Темирдин мамлекети»
- Физикадан - А.А.Эгембердиева: «Фотондун массасы жана импульсу»
Аталган иш-чаралар 18-майга чейин уланат.
