Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Журфакта мыкты окуган студенттерге стипендиялар тапшырылды

alt2016-жылдын 13-апрелинде журналистика факультетинде окууда мыкты ийгиликтерге жетишкен, социалдык коргоого муктаж болгон 3 студентке 2 миң сомдон стипендия берилди. Алар: 4-курстун студенттери Асаналиева Алима, Бордакова Екатерина жана 1-курстун студенти Джапарова Дамира.

Аталган стипендияны факультеттин деканы Айна Дуйшекеева, профессор Абдиламит Матисаков жана доцент Абдыганы Халилов өз колдору менен тапшырышты жана студенттерге ийгиликтерди каалашты.

alt

alt

alt

alt

alt

Материалды даярдаган:

Туратбекова Жылдыз - журфактын пресс-борборунун кызматкери