Түзүм жаңылыктары
Журфактын жетекчилери №7-студенттик жатаканада болушту
Журфактын жетекчилери №7-студенттик жатаканада болушту
13.04.2016 18:36
2016-жылдын 12-апрель күнү журналистика факультетинин жетекчилери №7-студенттик жатаканага барып, ал жерде жашаган факультет студенттеринин жашоо-тиричилиги менен таанышып келишти. Студенттер аларга өз каалоо-тилектерин айтышып, чыгармачыл адам катары калеминен чыккан ыр саптарын да окуп беришти.
Баарлашуунун соңунда факультет жетекчилери студенттерге Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата инсценировка, көркөм окуу боюнча конкурс өтөөрү тууралуу айтышып, алдыңкы күндөргө пландарды түзүштү.
Студенттердин жатаканадагы турмушу менен факультетти деканы Айна Дуйшекеева, окуу иштери боюнча декандын орун басары Татына Токторбаева, кафедра башчылары Бегалы Тагаев (теле-радиожурналистика), Милан Мырзагулов (басма сөз), о.э. окутуучулар Нурлангүл Тилекеева жана Айбек Түмөнбаев таанышты.
Материалды даярдаган:
Жылдыз Туратбекова - журфактын пресс-борборунун кызматкери