Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Матфакта мини-футбол боюнча турнир өткөрүлдү

alt2016-жылдын 12-апрелинде №6-окуу имаратынын спорт залында математика, информатика жана кибернетика факультетинин "Деканынын кубогуна" арналган мини-футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Мелдешке факультеттин студенттеринен жана кызматкерлеринен түзүлгөн 7 команда катышты.

Апрель баатырларын эскерүү багытында КУУда өтүкөрүлүүчү мини-футбол боюнча турнирге катышуучу факультеттин курама командасына мыкты футболчуларды тандоо максатында өткөрүлгөн иш-чараны КиИТ кафедрасынын ага окутуучусу Жүндүбаев Азим агай жана студенттер кеңешинин төрагасы Амангелди уулу Нурсултан уюштурушту.

Мелдеш аябай кызыктуу өтүп, жеңүүчү командаларды факультеттин деканы, профессор Асылбек Чекеев кубок жана дипломдор менен сыйлады.

Белгилеп кетчү нерсе - мелдештин башынан аягына чейин спорт залда Кыргызстандын Мамлекеттик туусу жана факультеттин желеги желбиреп турду. Бул - МИиК факультетинин студенттеринин Мекенге болгон сүйүүсү күчтүү экенин көрсөтүп турат.

alt

alt

alt

alt

alt

Материалды даярдаган:

Усаров Нурмухаммед - студенттер кеӊешинин тарбия иштери боюнча координатору