Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Г.Боскеева: "Тун уулуң окко учкан күн эсиңдеби?"

alt2010-жылдын жазындагы кандуу төңкөрүш ар бир кыргыз жаранынын эсинде. Эл, жер деп набыт болгон атуулдарды эстен чыгаруу оңой эмес. Физика жана электроника факультетинин 3-курс студенттери 7-апрель күнү Апрель баатырларынын сөөгү коюлган "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, куран окутуп, эстелигине гулчамбар коюп келишти.

Ар бир кыргыз жараны баатырларды эскерүүгө, аларга багыштап куран окууга милдеттүү. Анткени, алар элдин келечеги үчүн ажалга бетме-бет келишип, жан аябай салгылашуудан кайтышкан жок. Алардын эрдигине таазим!

alt

alt

alt

alt

Эненин жүрөгү

(Баатырлардын жаркын элесине арналат)

автор: Боскеева Г. Э.

Капкара туман менен өмүрүң коштолдубу?

Качанкы бактылуулук мүнөттөр жоктолдубу?           

7-апрель десе көңүлүң айнып анан,

Кайрадан жүрөгүң да ордунан козголдубу?

 

Тун уулуң окко учкан эсиңе түшүүдөбү?

Ансыз да ар бир күнүң кайгыда бүтүүдөбү?

Эрдиңди кесе тиштеп, элеси келе калса,

Энелик жүрөк канап, аргасыз түтүүдөбү?

 

Ууулуңду эстетишип, убакыт бук кылгандыр,

Сен үчүн баары жалган, кунарсыз, суз жылдардыр,

Көргөндө тең чамалуу балдарын башкалардын,

Эшилип эчен ирет жүрөгүң мыкчылгандыр.

 

А бирок, сенин уулуң окшобойт башкаларга,

Коркон жок эли үчүн ажалга аттанаарда.

Баатырдык кылып кеткен балаңа ишенгиниң,

Тайманбас эр жүрөк деп тархта сакталаарга.

Ишенгин, ишенгиниң эч качан унутулбай,

Манастын урпагы деп, кылымга сакталаарга.

 

Материалды даярдагандар:

  • Э.Бакирова - тарбия иштери боюнча декандын орун басары
  • Г.Боскеева - ага лаборант.