Түзүм жаңылыктары
ККФ студенттери “Ата Бейит” мемориалдык комплексине барып келишти
ККФ студенттери “Ата Бейит” мемориалдык комплексине барып келишти
06.04.2016 18:18
2016-жылдын 6-апрель күнү кыргыз-кытай факультетинин студенттери “Ата Бейит” мемориалдык комплексине барышып, Апрель окуясында курман болгондорду эскерип, эстеликтерине гүл коюп, куран окутуп келишти. Студенттерди тарых илимдеринин кандидаты, доцент Кеңешбекова Бактыгүл жана тарбия иштери боюнча декандын орун басары Тоялиев Улукбек жетектеп барышты.
Студенттер адегенде заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү коюлган жерге барышып, куран окуп, гүл коюшту. Аандан соң, 7-апрелде каза болгон баатырлардын арбагына багыштап куран түшүрүлдү.
Студенттер репрессиянын курмандыктары болуп атылып кеткен кыргыздын каймактары кимдер экенин, алардын сөөктөрү каерге коюлганын жеринен көрүштү.
“Мындан туура 78 жыл мурун Бишкектин чет жагында кыргыздын жүздөн ашык чыгаан инсандары совет бийлиги тарабынан атып өлтүрүлгөн. Саясий репрессиянын курмандыктары жашыруун бир чуңкурга көмүлгөн. Алар 1938-жылы 5-7-8-ноябрда атылганы аныкталган. СССР кыйрагандан кийин, 1991-жылы, ал жер аныкталып, 137 кишинин сөөгү“ Ата-Бейит” мемориалдык комплексине кайра көмүлгөн. 7-апрель күнү окко учуп каза болгон 25 баатырдын да сөөгү ушул жайга коюлган”, - деп билдирди музейдин кызматкери.
Келечектин ээлери болгон жаш муундар мындан ары Кыргызстанда ушул сыяктуу жан кейиткен окуялар болбосун, өлкөбүздүн келечеги өсүп-өнүксүн деген ниэтте кайра артка жол тартышты.
