Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Журфактын студенттери Апрель баатырлары менен жолугушту

alt2016-жылдын 6-апрелинде журналистика факультетинин студенттери “Айкөл Ала-Тоо” коомдук кыймылынын мүчөлөрү , “Апрель баатыры” төш белгисинин ээлери Талант Турумбеков жана Төлөн Келдибеков менен жолугушту. Иш чарага факультеттин деканы Айна Дуйшекеева жана “7-апрель” китебинин автору, факультеттин окутуучуcу Мирлан Алымбав катышты.

Жштарды патриоттуулукка, Мекенди сүйүүгө, тарыхты унутпоого тарбиялоо жана акыйкат үчүн курман болгондорду эскерүү максатында өткөрүлгөн жолугушууда Апрель окуясынын катышуучулары өздөрүнүн башынан өткөргөн каргашалуу күн тууралуу студенттерге маек курушуп, нарк-насилдүү кеңештерин айтышты. "Көөдөндү талант көсөсө айла жок" дегендей факультеттин 2-курс студенти Сейитбеков Темирлан жана 1-курс студенти Бакытбек кызы Айжамал Апрель окуясына арналган өздөрүнүн жүрөгүнөн чыккан ырларын окушту.

Иш чара учурунда Мар Байжиевдин “Зар заман” кино-тасмасы көрсөтүлдү.

2010-жылдын 7-апрель күнү кыргыз элинин тарыхында эстен кеткис учурлардан болду. Чындык издеп чымындай жанды эркин жашоо үчүн садага чапкан уландардын элесин эч ким, эч качан унутпайт!

Материалды даярдагандар:

  • Журфактын пресс-борбору
  • Сейитбек уулу Темирлан - 2-курс студенти