Түзүм жаңылыктары
Жатаканаларда матфактын "кафедра күндөрүн" өткөрүү башталды
Жатаканаларда матфактын "кафедра күндөрүн" өткөрүү башталды
05.04.2016 19:23
“Математикалык анализ” кафедрасынын мугалимдери жатаканада жашаган студенттер менен тыгыз байланышта болуу үчүн 2016-жылдын 4-апрелинде жатаканада “кафедра күнүн" өткөрүштү. Кеченин биринчи бөлүгүндө студенттер кафедранын тарыхы жана мугалимдери менен таанышса, экинчи бөлүгү “Тарых жана маданият” жылына арналды.
Иш чаранын жүрүшүндө 1-курстун студенти Усаров Нурмухаммед кыргыз элинин улуу жетекчиси Исхак Раззаков жөнүндө доклад жасап, олтурган студенттердин ар биринин жүрөгүндө Мекенге болгон сүйүүсүн ойготту.
Белгилеп кетчү нерсе - “Математикалык анализ” кафедрасынын башчысы Керим Бараталиевич Бараталиев режиссёр Алим Токторовдун аталган тарыхый-көркөм фильминде агрономдун образын жараткан. Роль эпизоддук болсо да, факультеттин жамааты агайдын "экинчи өнөрү" менен аябай сыймыктанат.
Дагы бир сүйүнүчүбүз - аталган кафедранын мүчөсү, белгилүү окумуштуу Бектурган Шабыкеевич агай быйыл 80 жашка толуп олтурат. Факультеттин көпчүлүк мугалимдери агайыбыздын окуучулары болуп саналат.
Кеченин аягында кафедра мүчөлөрү жатаканадагы студенттерге өз белектерин беришти.



Материалды даярдаган:
Бахтияр Рахманкулов - факултет деканынын тарбия иштери боюнча орун басары