Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Матфактын 1-курс студенттери «Манас айылына» экскурсияга барышты

alt2016-жылдын 30-мартында математика, информатика жана кибернетика факультетинин 1-курс студенттери «Манас айылы» этно-маданий борборуна экскурсияга барып келишти. Борбордун экскурсоводу студенттерге ал жердеги курулган комплекстин мааниси, Манас баатырдын 40 чоросу тууралуу баяндап берди.

Факультеттин деканаты жана студенттик кеӊеши тарабынан уюштурулган иш чара учурунда студенттердин жеке өз группалары эле эмес, бүтүндөй курс арасындагы жылуу мамилелери сезилип жатты. Бул да болсо факультеттин ар бир студентинин Мекенибизге болгон сүйүүсүн ойготот.

alt

alt

alt

alt

alt

Материалды даярдаган:

Усаров Нурмухаммед - факультет студкеӊешинин тарбия иштери боюнча координатору