Түзүм жаңылыктары
Физфактын студенттери мүмкүнчүлүгү чектелген карыларга жардам беришти
Физфактын студенттери мүмкүнчүлүгү чектелген карыларга жардам беришти
01.04.2016 16:24
2016-жылдын 30-март күнү физика жана электроника факультетинде 3-курс студенттеринин демилгеси менен Бишкектеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашаган мекемеге жардам берүү масатында кайрымдуулук марафону өткөрүлдү.
Карылардын абалына кайдыгер карабаган студенттер жана окутуучулар колунан келген жардамдарын аябай, иш-чарага активдүү катышышты.
Чогулган акчага керектүү нерселерди алышып, 1-апрель күнү студенттер жогорудагы аталган жайга алып барып беришти. Жеке эле материалдык колдоо көргөзбөстөн моралдык жактан да колдоо көрсөтүшүп, имараттын ичи сыртын ирээтке келтиришип баарын кубанычка бөлөп келишти.
Эскерте кетсек, 29-март күнү студенттери аталган мекемеге барышып, кандай жардамга муктаж экендиктерин сурамжылашканда, имаратка жана карыларга керектүү буюм – тайымдар керек экенин айтышкан. Студенттердин "концерттик программа уюштуруп берели" деген ойлоруна алар каршы чыгышкан. Себеби, бул жерде жеке эле карылар эмес, майып, б.а. мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да болгон. Алар көп ызы-чууну сүйүшпөгөндүктөрүн билдиришкен.
Мындай кайрымдуулук ар бир инсандын көкүрөгүндө турса, бир күнү ал өз жыйынтыгын берет деген ишенимибиз күч алып калды. Студенттерге терең ыраазычылык билдиребиз.
Материалды даярдаган:
Боскеева Гүлбарчын - факультеттин ага лаборанты