Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КЕФтин студенттери ЖК депутаты Айсулуу Мамашева менен жолугушту

alt2016-жылдын 28-мартында Кыргыз-Европа факультетинин 1-2-курс студенттери Жогорку Кенешке экскурсияга барышып, Ак Үйдүн 3-кабатында жайгашкан парламенттин китепканасында, музейинде жана пресса-борборунда болушту жана депутаттардын жумушу, иштөө шарттары жана пленардык отурумдун өтүшү тууралуу кенен маалымат алышты.

Пресс-борбордо студенттер "Ата-Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева айым менен жолугушуп, андан ЖКнын тармактык комитеттеринин иши тууралуу учкай маалымат алышты. Жолугушуу учурунда студенттер депутат айымга жалаң эле саясат тууралуу эмес, анын жеке турмушу, иш тажрыйбасы жана өмүр таржымалына байланышкан суроолорду да беришип, эл өкүлүнүн жоопторун аябай кызыгуу менен угушту.

Айсулуу Мамашева студенттерди кесипкөйлүккө, паракорчулук менен күрөшүүгө, кесипке байланышкан китептерди көбүрөөк окууга жана тренингдерге катышууга үгүттөдү. Жолугушуунун соңунда депутат айым КЕФтин студенттерин ушундай иш-чараларды мындан ары да уюштура берүүгө чакырды жана Ак үйдүн биринчи кабатында студенттер менен эстеликке сүрөткө түштү.

Материалды даярдагандар:

Чынара Аманбаева жана Махабат Мамбеталиева - «Экономика жана башкаруу» кафедрасынын окутуучулары