Түзүм жаңылыктары
“Медиа Көпөлөктөн” - мастер-класстар
“Медиа Көпөлөктөн” - мастер-класстар
26.03.2016 13:14
Мурда кабарлангандай, журналистика факультетинде 2016-жылдын 1-мартынан бери “Медиа Көпөлөк” студенттик фестивалынын алкагында мастер-класстар өтүлүүдө. 23-24-март күндөрү республикалык фестивалдардын жеңүүчүсү, “Меккеге карай жол”, “Бакыт бешиги” ж.б фильмдердин режиссеру Асел Жураева студенттерге “Даректүү кино тасма” жана “Телевизиондук даректүү фильм” тууралуу лекцияларды окуду.
Мастер-класс учурунда даректүү тасманы тартуудагы режиссердун, чыгармачылык топтун ролу, алардын милдеттери тууралуу сөз болду. Асел Жураеванын айтымында, тартуу иштери башталаар алдында төмөнкү факторлорго өзгөчө көңүл буруу керек::
- Теманы туура тандоо;
- Каарманды аныктоо;
- Фильмдин жанры;
- Тартуу иштери жүрүүчү жер.
Сабак учурунда режиссердун “Меккеге карай жол” жана “Ал согуш жѳнүндѳ айтууну каалачу эмес” аттуу даректүү тасмалары көрсөтүлүп, Асел Жураева студенттердин ар кыл суроолоруна жооп берди.
“Меккеге карай жол” фильми
Материалды даярдаган:
Жылдыз Туратбекова - журфактын пресс-борборунун кызматкери