Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Химфакта Нооруз майрамы уланууда...

altНооруз деми, Нооруз майрамы университет ичинде дагы деле уланууда. Мисалы, 2016-жылдын 24-март күнү №6-окуу имаратындагы 412-дарсканада химия жана химиялык технологиялар факультети көктөмдү коштой келген Улустун улуу майрамын жогорку деңгээлде белгиледи.

Майрамдык салтанатты Умай эне арча менен аластап, жамаатка ак батасын берүү менен баштады. Андан соң факультеттин деканы Туратбек Байдинов окутуучуларга жана студенттерге чың ден-соолук, окууларына жана иштерине албан ийгиликтерди каалап өттү.

Кечеге балдар ырларынын автору, обончу Камчыбек Букалаев арлактуу мейман катары чакырылган. Залда отурган көрүүчүлөр аны менен биргеликте автордун “Ыр десте”, “Атың жакшы Ысык-Көл”, “Булуттар” аттуу ырларын кыяктын коштоосунда, жандуу ырдап чер жазышты.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө факультеттин ага окутуучусу Деркембаева Светлана жана таланттуу студенттертер да катышуучуларга ыр белек тартуулашты.

alt