Түзүм жаңылыктары
Ноорузда КУУнун физиктери лирикадан кеп салышты
Ноорузда КУУнун физиктери лирикадан кеп салышты
18.03.2016 16:18
2016-жылдын 18–март күнү физика жана электроника факультетинин жамааты №6–окуу имаратындагы 7–дарсканада Нооруз майрамын майрамдады. Факультеттин деканы Сагынтай Кадышев жамаатты куттуктап, окутуучу А.Калыбеков күн менен түндүн теңелгени жөнүндө маалымат бергенден кийин, "аластоо" жөрөлгөсү жасалып, жакшы тилектер айтылып, агай-эжейлерге жана студенттерге сүмөлөк таратылды.
Майрамдык кеченин жүрүшүндө таланттуу студенттер өз өнөрлөрүн көрсөтүп, ыр-бийлер аткарылды, кызыктуу оюндар өткөрүлдү. Салтанаттуу иш-чарага катышуучулардын маанайы жарык болуп, майрамдык шаани сезилип турду.
Тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бакирова Элизат факультеттин жамаатын жөн гана куттуктап койбостон, “Нооруз” майрамы жөнүндө ыр да арнап, студенттердин жана агай-эжейлердин куттуктоолоруна арзыды.
Материалды даярдаган:
Боскеева Гулбарчын - факультеттин ага лаборанты