Түзүм жаңылыктары
ККФте майрамдык кече өткөрүлдү
ККФте майрамдык кече өткөрүлдү
19.03.2016 09:34
Улустун улуу майрамы Ноорузду утурлай кыргыз-кытай факультетинин жамааты 2016-жылдын 18-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында майрамдык кече өткөрдү. Салтанатка КУУнун ректору Чынара Адамкулова, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрөгасынын орун басары Зухра Шидакова, Конфуций институтунун жетекчиси Бан Жень Линь мырза катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Майрамдык кече салтка айланып калган Умай эненин аластоосу менен башталып, КУУнун ректору факультеттин жалпы жамаатын жыл менен жыл тогошуп, күн менен түн теңелип турган Нооруз майрамы менен куттуктап, жаңырган жылдын элибизге ынтымак, жергебизге кут алып келишин тилеп, элге бакубаттык жана факультетке ийгиликтерди каалады.
Ушундай эле каалоо-тилектерди майрамдын коноктору Зухра Шидакова менен Бан Жень Лин мырза да каалап өтүштү. Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрөгасынын орун басары Зухра Шидакова университеттин китепканасына ар улуттун өкүлдөрүнүн тарыхы тууралуу китепти белек кылып, аны КУУнун ректоруна тапшырды. Факультеттин деканы Бектурсун Байсабаев университеттин, факультеттин жалпы жамаатын Нооруз майрамы менен куттуктап, ыраазчылыгын билдирди.
Кеченин жүрүшүндө Бектурсун Байсабаевдин “төркүндөрү” аталган "Кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы" кафедрасынын окутуучу-профессорлору Кыргыз-кытай факультетин Нооруз майрамы менен куттуктап, аларга тамаша иретинде "Ала Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чык" каалап, бир куржун даамдуу тамак-аштарды факультеттин жалпы жамаатына белекке берип, залда отурган көрүүчүлөргө чакан концерт тартуулашты.
Андан соң студенттерден куралган кыз-жигиттер тобу Сармерден уюштурушуп, элге жылуу маанай тартуулашты.
