Түзүм жаңылыктары
Физфактын студенттери КУУда алгачкылардан болуп ишембилик өткөрүштү
Физфактын студенттери КУУда алгачкылардан болуп ишембилик өткөрүштү
04.03.2016 09:10
2016-жылдын 3-мартында физика жана электроника факультетинин студенттери өздөрү окуган 6–окуу имаратынын айланасын таштандылардан тазалап, жерди кышкы чириндилерден арылтып, жаңы чөптөрдүн жер жарып чыгуусуна өбөлгө түзүп, жазды эмгектенүү жана тазалык менен тосуп алышты.
Ишембилик учурунда студенттер бири-бирин какшык сөздөр менен тамашалап, өтө шайыр иштеп жатышты. Аларды көргөн улуу муундагы адамдар “Эх, кайран гана жаштык кез!”, - деп жылмайып өтүп жатышты.
Жыйынтыктап айтканда, бул күн физика жана электроника факультетинин студенттери үчүн өтө кызыктуу жана пайдалуу өттү.
Ишембилик факультеттин мурдатан түзүлгөн иш планынын негизинде өткөрүлдү.
Материалды даярдаган:
Боскеева Гүлбарчын – факультеттин ага лаборанты