Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

ККЖКДжКББФте өлкө башчысынын жарлыгын ишке ашыруу башталды

alt2016-жылдын 1-мартында ККЖКДжКББ факультетинде өлкө башчысы А.Атамбаевдин "2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо" боюнча жарылыгын ишке ашыруу максатында "Тарых"жана "Коом таануу" сабактарынын декадасы башталды.

Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо жана кесиптик билим берүү факультетинде өткөрүлүп жаткан он күндүктө лицейлердин окуучулары жана окутуучулары тарабынан ар түрдүү көргөзмө куралдар, дубал газеталар, тарыхый буюмдар, буклеттер  даярдалып, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө зор салым кошкон инсандардын сүрөттөрү илинип, "Тарых" жана "Коом таануу" сабактарынан ачык сабактар өткөрүлмөкчү.

Декада 16-мартта опера жана балет театрындагы Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган чоң программадагы концертке катышуу менен аяктайт.

alt