Түзүм жаңылыктары
Болочок юристтер Жогорку Кеңештин пленардык отурумуна катышып келишти
Болочок юристтер Жогорку Кеңештин пленардык отурумуна катышып келишти
26.02.2016 12:48
2016-жылдын 25-февралында юридикалык факультеттин 2-курс студенттери Жогорку Кеӊешке экскурсияга барышты. Аларды ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков кабыл алып, окууларына ийгиликтерди каалады жана окууну аяктаган соң мамлекеттик кызматкерлердин катарын толуктоого чакырды.
Жолугушуудан кийин студенттер парламенттин пленардык отурумуна катышып, депутаттардын ишине байкоо салышты.
Андан кийин, студенттер депутат айым Айнуру Алтыбаева менен жолугушуп, ЖКнын тармактык комитеттеринин, депутаттардын иши тууралуу учкай маалымат алышты. «Президенттик башкаруу формасы өзүн актаган жок. Ошондуктан, Кыргызстан 2010-жылы өлкөнү өнүктүрүүнүн парламенттик демократия жолун тандап алды. Биз азыр анын мыйзамдык базасын өркүндөтүү иштерин жасап жатабыз. Алгачкы ийгиликтер байкала баштады», - дейт Айнуру Алтыбаева.
ЮПБ-4-14 группасынын студенти Жапарова Адинайдын «Сиз V жана VI чакырылышта депутат болуп шайландыӊыз. Эки чакырылыштын айырмачылыгын айтып берсеӊиз» - деген суроосуна эл өкүлү "Соңку шайлоо таза өтүп, депутаттардын арасын жаштар толуктады", - деп жооп берди.
Суроолор бир гана саясат эмес, депутаттын жеке жашоосу тууралуу да берилип, студенттер эл өкүлүнүн жоопторун кызыгуу менен угушту.
Айнуру Алтыбаева КУУнун студенттерине ушул жылдан тарта практиканы Жогорку Кеӊеште өтүүнү сунуштады. Анын пикиринде, келечектеги юристтер өлкөнүн мыйзам чыгаруу органынын ишин канчалык жакындан билсе, ошончолук пайдалуу болот. Эл өкүлү студенттерди о.э. Жогорку Кеӊештин аял-депутаттар форумунун мүчөлөрү менен бирге Ботаникалык бакчадагы иш-чараларга колкабыш кылууга чакырды. Жаштар депутаттын мындай сунушуна макул болушту.
Маектин соӊунда ЮПБ-4-14 группасынын куратору Махмуд Ойтемиров депутат айымга студенттер тарабынан жасалган «Ийгилик сертификатын» тапшырды. Айнуру Алтыбаева мындай күтүүсүз белекти биринчи жолу алып жаткандыгын айтып, студенттерге ыраазычылык билдирди жана алардын окууларына, жеке жашоолоруна ийгиликтерди каалап кетти.
Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер о.э. Ак үйдүн 3-кабатында жайгашкан Парламенттин китепканасында жана Парламенттин радиостудиясында да болушту. Студияга кирип, суроо калтыруу студенттердин өзгөчө кызыгуусун жаратты. Парламент радиосунун жетекчиси Кипариса Сурахманова радионун иши тууралуу жана тарыхы тууралуу айтып берди.
Экскурсиянын сонунда студенттер Жогорку Кенештин 1-кабатында эл өкүлдөрү менен эстеликке сүрөткө түшүштү.
