Түзүм жаңылыктары
Физфакта "Ата–Мекенди коргоочунун күнү" белгиленди
Физфакта "Ата–Мекенди коргоочунун күнү" белгиленди
24.02.2016 16:30
23-февраль - "Ата–Мекенди коргоочунун күнү" экени жумурай-журтка маалым. Бул күнгө өтө чоң маани берилип, мурунку СССРдин курамындагы бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да, майрамдалып келет. 22-февраль күнү физика жана электроника факультетинин студент кыздары жалпы мырзаларды жана агайларды куттуктап, “Мырзаларга арналат” аттуу концерт коюшту.
Бул иш чараны уюштурууда факультеттин 2–курс студенттери көп эмгек жумшашты. Алар ыр, бий эле тартуулап эле тим болбостон, факультеттин аксакал агайларына белектерди да беришти. Кечени Студенттер кеңешинин мүчөсү Боскеева Гулбарчын алып барды.
- Арыбаңыздар ардактуу агайлар жана биздин ар намыстуу, чыныгы патриот мырзаларыбыз. Баарыңыздарды майрамыңыздар менен жалпы кыздар жамааты куттуктайбыз. "Жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жетет" дегендей, бүгүнкү айтылган каалоо-тилектердин баардыгы сиздердин жүрөгүңүздөрдөн орун алат деген ишенимдебиз. Сиздердин шаңдуу кол чабууларыңыздар менен кечени ачык деп жарыялайбыз!
Факультет деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Бакирова Элзат:
- Мекенибиз өзүнүн жоокерлери менен сыймыктанса, биздин факультет - студент мырзаларыбыз жана агайларыбыз менен сыймыктанат. Баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайм, сиздерге ден соолук, узун өмүр кааалайм. Ар дайым аман болуп, арабызда жүрө бериңиздер.
Кеченин калган бөлүгү ыр, бий менен коштолду. Ырлардын көпчүлүгү Мекенге, жоокерлерге арналганы маанайды көтөрүп, мырзалардын маңдайы жарыла сүйүнүп отурушту. Жоокер кийимин кийип бийлеген кыздар да кечени өзгөчө көркүнө чыгарды.
Материалды даярдагандар:
- Бакирова Элзат - декандын тарбия иштери боюнча орун басары
- Боскеева Гүлбарчын - Студенттер кеңешинин мүчөсү