Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Математиктерди эне тилдин эртеңкиси ойлонтот

alt2016-жылдын 19-февралында №6-окуу имаратында математика, информатика жана кибернетика факультети тарабынан не тилдин эл аралык күнүнө" карата кече ѳткѳрүлдү. Иш чаранын катышуучуларын тил майрамы менен мамлекеттик тил боюнча проректор Назаркул Ишекеев жана факультеттин деканы Асылбек Чекеевдер куттукташты.

Кеченин жүрүшүндө студенттер эне тилге карата улуу сезимдерин ѳз таланттары менен чагылдырышты.
 
2-курстун студенти Аманбаев Өмүрбек «Улут болсом - тилим менен улутмун» деген ырды кѳркѳм окуусу менен кѳрүүчүлѳрдү аябай таң калтырып, улуттук сезимдерин козгосо, 1-курстун студенти Усаров Нурмухаммед коомдогу терскѳрүнүштѳргѳ токтолуп, аны терең талкууга алды.

Материалды даярдаган:

Рахманкулов Бахтияр - тарбия иштери боюнча декандын орун басары