Дүйшөмбү, Декабрь 08, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Математика, информатика жана кибернетика факультетинин кубанычтары

alt2015-жыл математика, информатика жана кибернетика факультети үчүн аябай жемиштүү болду. Атап айтсак, жыл жыйынтыгы боюнча МИжКФ студенттери факультеттер арасындагы спорттук спартакиадада 1-орунга ээ болушуп, I-даражадагы диплом жана кубок менен сыйланышты.

Ошондой эле, КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Назаркул Ишекеевдин баяндамасында тарбия иштерин жүргүзүүдө МИжКФ 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча факультеттер арасында тизменин башында тургандыгын баса белгиленди.

Макаланын башында айтылган "Кубаныч күндөрдүн" катарына ар бир инсандын «Туулган күнү» да кирет.

Математика, информатика жана кибернетика факультетинде бул багытта факультеттин Студенттик кеңешинин төрагасы Амангелди уулу Нурсултан тарабынан алгылыктуу иштер  жүргүзүлүүдө. Мисалы, ар бир туулган күнү болгон студентке ошол күнү «Куттуктоо баракчасы» берилет. Туулган күндөрдүн даталарын тактоо, "Куттуктоо баракчаларын" чыгаруу - төраганын орун басары Бектурова Жылдызга жана аталган кеңештин мүчөлөрү Качикеева Айжамалга жана Туратбек кызы Асылгүлгө жүктөлгөн.

Жыйынтыктап айтканда, факультеттик, университеттик деңгээлдеги иш-чараларды биздин студенттер ар дайым өз убагында аткарып келишет.

Материалды даярдаган:

Рахманкулов Бахтияр - тарбия иштери боюнча декандын орун басары